Печать
Категория: Коом
Просмотров: 54

8-мартта Бишкекте аялдар тилектештигинин жөө жүрүшүндө кармалган жаранга карата протокол түзүлдү. Ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес деп шектелүүдө.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаранга байланыштуу чогултулган материалдар чечим чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда райондук милиция жөө жүрүшкө чыккан адамды кармоого эмне себеп болгонун айткан жок.