Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунда мектептер, мектептерге жана бала бакчаларга тийиштүү жер тилкелери сатылып жатканын билдирди.
Ал Жер ресурстары кызматына мектеп жана бала бакчалардын ээлери тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп сурамжылоо жөнөткөнүн белгиледи. Бирок депутатка аталган кызмат маалымат берүүдөн баш тарткан.
“Кантта Маданият паркынын жарымын Лесхозго сатып жиберишти, ага чейин аталышын Дубовой парк деп өзгөртүшкөн. Бала бакча, мектеп, ФАП, райондук администрациянын имараты, мектептин жанындагы жер тилке сатылды. Мен прокуратурага кат жазсам, көзөмөл органы мыйзам бузуулар болгонун, бирок мөөнөтү өтүп кеткенин айтып жооп берди. Ошондо, мөөнөт деген бийликтеги адамдарга гана тийиштүү экен, а карапайым элге иштебейт”, - деди депутат.