Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева мамлекет гранттык каражаттар кайда которулуп жана эмнеге иштетилип жатканын көзөмөлдөш керектигин айтты.

“Гранттык каражаттар көзөмөлдөнүшү керек. Өзбекстанда, Тажикстанда ушундай кылышат. ПРООН отчет бербейт, кандай акчалар келип, кайда кетип жатканы белгисиз. Бейөкмөт уюмдар кандай максат менен акчаларды кайда жумшашат жана кандай иш чараларды өткөрүп жатышат – билүү зарыл. Суроолор көп, жооп жок”, - деди Садырбаева.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттешинин сөзүн коштоду.

“Бейөкмөттөр жаштарыбызды туура жолго үгүттөп жатат. Жаштарыбызды кайда алып баратышат? Кайсы акчага? Өзүңүздөр көрүп тургандай, келечек үчүн коркунуч бар. Азыр кеп трансгендерлер тууралуу болуп жатат. Тилекке каршы, тенденция өсүүдө. Биз мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүшүбүз керек, Министрлер Кабинети ушул багытта иштеши керек. Бул чындыгында чоң көйгөй”, - деди Нурланбек Шакиев.