Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Ак-Ордо жаңы конушундагы үй сүрдүрүүдөн келип чыккан окуяны эске салды. Ал бул боюнча Жогорку соттун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн пикирин сурады.
"Айрым маалыматтарга караганда, жер тилкеге үй мыйзамсыз курулган, Жогорку соттун тийиштүү чечими болгон экен", - деди Сурабалдиева.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова: "Бул окуя чоң талкууну жаратты, ошондуктан мен дагы кызыгып бул ишти карап көрдүм. Бирок мен мыйзамдуу же мыйзамсыз дей албайм. Бул иш административдик жана жарандык тартипте үч инстанцияда каралган. Кабыл алынган чечимге баа берсем, юридикалык жактан туура эмес болуп калат", - деди Бакирова.
Депутат Жогорку соттун чечими туура эмес болгону тууралуу коомчулукта пикир жаралып жатканын белгиледи.
"2020-жылы Марал Шараболотова сотко кайрылып, айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жана мамакттын 2017-жылдагы чечимдерин жараксыз деп таап берүүнү өтүнгөн. Биринчи инстанциядагы сот тийиштүү документтердин жоктугунан арызды канааттандырган эмес. Экинчи инстанциядагы сот бул чечимди күчүндө калтырган. Бардыгы административдик тартипте каралган. Жарандык тартипте кийинчерээк жогорудагы чечимдердин негизинде каралган. Азыр мыйзам боюнча мен бул чечимдер мыйзамсыз болгон деп айта албайм. Мыйзамсыз болгон учурда дагы мен билбейм", - деди Нургүл Бакирова.
Эльвира Сурабалдиева бул окуя сот системасына жана сот чечимдерине ишенбөөчүлүктү жаратканын белгиледи.