Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери  тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 7-март күнү КР С.М.С. аттуу жаранынын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстан Республикасынан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.