Редакцияга Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын кызматкерлери кайрылып, китепканадагы ишти артка тарткан жагдайлар жана жетекчиси Нуржан Иманкулованын акылга сыйбаган жоруктарынан чарчаганын, эмгек жамааттын чыдамы түгөнүп, сабыры калбаганын, мындан ары аны менен иштешүү мүмкүн эмес экенин айтышты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жолдошуп, жетекчилик кызматты аркалап жаткан Нуржан айымдын катачылыктарын санап, китепкананын түбүн түшүрүп, сазга батырат деген жүйө менен коңгуроо кагышканын билдиришти.
Эмгек жамааттын чакыруусу боюнча китепканага барып, маселенин күңгөй-тескейин билейин дегенимде 10го чукул улгайган эжелер Нуржан Иманкулованын жосунсуз жоруктарын айтып беришти. Эки жылдан бери ишти илгерилетүүчү өндүрүштүк чогулуш өткөрбөгөнүн, эмгек жамаатты бөлүп-жарып, “ал айтты”, “бул айтты” деп бири-бирине каршы тукурганын, интрига менен гана алек болгонун, стажына, тажрыйбасына карабай улгайган эжелерди жээриген мамилесин ардануу менен айтып беришти. Ошондой эле иш күндөрү саат 11де келип, 2-3тө кетсе да, ошол кыска убакытта эле кызматкерлердин күндө бирөөнө жүрөк заада кылган сөздөрдү айтып, ызы-чуу салып, канча жылдан бери ынтымакта иштеген коллективдин ыркын бузганын баса белгилешти. Уруштан башка иши жок сыяктанып, асылып алган кишисине ачуу үнү менен китеп окуп жаткан окурмандарды да көзгө илбей кыйкырганын айтышты. Анын одоно мамилесинен чарчап, аргасы кеткен эмгек жамаат 5 китеп окубаган, иштин көзүн табууга, билбегенин үйрөнүүгө дилгирленбеген Нуржан Иманкулованын иштен четтетип берүүнү жана коррупциялык схемаларды дыкат иликтеп, аныгына чыгууну күч органдарынан суранышты.
Себеби, негизги фондду сактоо бөлүмүндө Илаева Асель, Редакциялык басма иштери бөлүмүндө Сахно, В, Маалыматтык массалык иштер жана маданий программалар бөлүмүндө Тыныбекова, технологиялар жана менеджмент бөлүмүндө Райымжанова аттуу жарандар кызматкерлер катары кошумча табелге киргизилип, алардын атынан айлык алынып жүргөнү билинип калган. Улуттук китепкананын кызматкерлери мындай өлүк жарандар көптөгөн бөлүмдөрдө бар экенин да кошумчалашты. Ал эле эмес, ар кандай иш-чаралардан түшкөн арендалык каражаттарды директор кассага төктүрбөй жеке кызыкчылыгына пайдаланып жүргөнүнөн кабардар экенин да кыйытышты. Учурда “прокуратура текшерип жатканы үчүн гана арендалар кассага түшө баштады. Болбосо түшкөн каражатты түшкөндөй эле күнүгө чөнтөгүнө салып, мамлекеттик китепкананы менчигиндей эле пайдаланчу” дешти. Китепканада жок китептерди сатып алыш үчүн бөлүнгөн каражаттар да максаттуу пайдаланылбаганын да баса белгилешти.
Жетекчиге нааразы болгондор китепканада иштөөгө билими жетишсиз болсо да, өзү менен кошо келген командасы менен гана иш алып барып жатканын, ошон үчүн ишинде алешемдиктерге жолберилип жатканын айтышты. Ошон үчүн Нуржан Иманкулованын ар бир жагдайын көз жаздымда калтырбай иликтөөнү күч органдарынан суранышууда. Керек болсо, ал кишинин ишмердүүлүгүн кызматкерлер арасында жабык добуш аркылуу текшерүүнү да сунушташты. Себеби, эмгек жамаатта аны менен араздашкысы келбеген бирок, анын иштешин каалабагандар көп. Ачык каршылык көрсөтсөк, тынчтык бербей “эмнеге мен тууралуу ооз ачтың, эмнеге кол койдуң” деп иштен четтетүү менен алек болот. Алып жаткан айлыгыбыздан айрылып калбайлы деп көпчүлүгү дымын чыгарбай, анын орой кыялын аргасыз көтөрүп жүрүшөт дешти.
Нуржан Иманкулованын эң жаман кыялы ишин мыкты билсе да, ага жакпай калган адамды “кейпиң жакпайт, сөөлжыландайсың, өз жашыңдан жаш көрүнүп арыксың, ичкен аялга окшойсуң” деп этикага сыйбаган сөздөрдү айтып, кызматкерлерин кааласа ал бөлүмгө, кааласа бул бөлүмгө которуп, тажрыйбасына, мүмкүнчүлүгүнө карабай шапке алмаштыргандай алмаштырып, кызматын төмөндөтүп, акылга сыйбаган иштер менен алек болоорун айтышты. Же болбосо андай эмес, мындай деп койгон кишиге эле асылып алып, акыры кетирип тынат. Кадрлардын билимине маани бербейт. Мыкты адистерди кармап калууга аракет кылбайт. Тескерисинче, асылып алса, “арызыңды жаз, кетирем, жогол” деп артынан түшүп алат. Жумушка келген 3 саатта жалаң “разборка” менен алек болот. Нуржан Иманкулованын мындай мамилесинин айынан китепкананын кызматкерлери мурда бир туугандай болсо, азыр бири-биринен шек санап, саламдашпай калган абалга жеттик дешти.
Эң кызыгы, Нуржан Рахимовнанын өз ишин анча билбегенинин айынан китепканада канча жылдан бери иштеп жүргөн 52 адамды кызматтан кеттириптир. Алардын экөө анын туура эмес мамилесине, жүйөсүз дооматтарына чыдабай инсульт болуп калган дешти.
Жаш кызматкерлер келсе экен, ушунча жылдан бери чогулткан тажрыйбабызды үйрөтүп, китепканага арнаган өмүрүбүз текке кетпесе экен. Китепкана бизден кийин да кызмат кылса экен дейбиз. Бирок, директорубуз кызматкерлерге өзгөчө жаштарга жетекчиге жарашпай турган кылык-жоруктары менен орунсуз мамиле жасайт. Өзү ээрчитип келген беш кишисин баарынан жогору коюп, талапка жооп бербесе дагы жооптуу кызматтарга коюп, китепканага өмүрүн арнагандарды тебелеп-тепседи. Баарынан кызыгы, Дисертациялар жана авторефереаттар бөлүмүнө эч кандай китепканага тиешелүү диплому жок болсо да, Г. Алманкулованы койду. Дагы бир бөлүм башчы К.А. Мамбетованы басма иштери боюнча училищалык гана билими бар экенине карабай жооптуу кызматка койду.
Күйбөгөн жерибизди күл кылып, Улуттук китепканада 2022-жылы айтайын эсептен үнөмдөлгөн 105 000 сомду бир ууч кишиге тагыраагы, 13 кызматкерге бөлүп берип койгону жалпы коллективди ызалантты. Алар бир-эки жыл иштесе да, 10 миң сомду алышты да көпчүлүгү кетип калышты. Бул акыйкатсыздык. Биз мындай адилетсиз мамилеге чыдабайбыз. Биз өмүрүбүздү китепканага арнаганбыз. Жаш кадрлар келсе, билгенибизди үйрөтөлү деген ниеттебиз. Бизди минтип кодулап, ар кайсы жолго салганы жарабайт. Биз да өзүбүздүн аткарган ишибизге жараша эмгегибиздин бааланышын каалайбыз.
Нуржан Иманалиеванын китепкананы каалаганда калчашына жол бербейбиз. Ошондой эле бизди да тебелеп, тепсеп, кемсинткенге укугу жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз.
Баса, бизди "электрондук почта менен иштей албайт. Жаштарды жумушка тартсам аларды түрдүү шылтоолорду айтып, иштешине мүмкүнчүлүк бербейт" деген дооматтарды коюп жатыптыр. Чынында биз баарыбыз эле өзүбүзгө тиешелүү программалар менен иштей алабыз. Биз да санариптештирүүгө өтүп жатканда, замандан артта калбайлы деп компьютерди үйрөнгөнбүз. Ошондой эле жаштар менен иштешүүгө куштарбыз. Китепкана бизден кийинки муундарга да кызмат кылышы керек. Ошон үчүн жаңы залдарды ачтырып, жаштардын китеп окуусуна шарт түзүүгө дилгирленебиз. Биз деле традициялык китепканалык иштер, санариптештирүү, Улуттук электрондук китепкана түзүү, эл аралык китепканалык байланыштарды жакшыртууга салым кошуп жатабыз. Нуржан Иманкуловага өчөшүп албай эле мурда кийин кылган кызматыбызды жасап жатабыз. Бирок, канчалык чыдап иштейли дегенибиз менен ал аял билгенин жасап, чындыкты айткан кишиге жармашып, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, тоскоолдук жаратууну адатка айлантып алды.
Апам библиотекар болгон, апа кесиби ардактуу деп ошон үчүн мен да китепканага келдим десе башында жаш экен, иштейт деп колдодук. Ал турсун, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бергиле деп маданият министрине кайрылып, сурандык. Керек болсо сөгүштү артка алдырдык. Ишти үйрөтүп алабыз дедик. Тилекке каршы, эшеги суудан өткөндөн кийин бизге көргүлүктү көрсөттү. Беш китеп окубаган жетекчи экенин далилдеп, бизди беймазага салды дешти. Кыскасы, эмгек жамаат, Нуржан Иманкулованы кызматтан кетирип, улуттук китепкандагы кылган туура эмес иштери үчүн жооп беришин талап кылууда. "Балам камакта, менин жүрөгүм оооруп, жанымды коерго жер таппай жатам деген сөздөрүнүн баары, абалдан чыгыш үчүн жасаган аракети" дешти.