КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды токтотуу жана алдын алуу боюнча иш аракеттерин улантып жатат. Анын алкагында, 7-мартта КР ИИМдин Ички иликтөөлөр Кызматы менен биргеликте Токмок шаардык ички иштер бөлүгүнүн улук тергөөчүсү кармалды. 

Улук тергөөчү Б.Б.К. бир нече жолу жарандардан кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп акча алып келген. 

Кылмыш ишинин негизинде ал камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.