Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнөн Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

"Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек", – деди Булекбаев.

Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 10-февралда которулган.