Кыргызда “атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул” дейт. Тилекке каршы, Исхак Масалиев ыраматылык атасынан кем, аны уятка, сөзгө калтырган уул болду. Атасынан калган Коммунисттердин партиясын дегеле эптей албай койду. Коммунист терисин жамынганы эле болбосо, өзү чылкый капиталист. Шайлоого катышып эптеп депутат болуп алуу үчүн Адахан Мадумаровдун колтугуна кирип, ошонун арты менен депутат болуп отурат. Болбосо, саясатчы катары салмагы, баркы жок. Ата баркы менен келаткан саясатчы сөрөйлөрдүн бири.
Ыраматылык атасы Апсамат Масалиев чындыктын үлгүсү болсо, Исхак мырза популисттикти, калп айтканды катуу өздөштүрүп алгандай...
Оозуна келгенди оттоп, эртеси анысынан танып, айтор айткан сөздөрүнө отчет бербей баратат. Буга чейин Кумтөрдөн 19 тонна алтын уурдалганын айтып, анын аныгына жетүү үчүн депутаттык комиссия түзүү керектигин демилгелеген. Президент С. Жапаров 19 тонна алтын уурдалды деген сөздөр калп экенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү колдой турганын, аны ушул маселени көтөргөн Исхак Масалиев жетектешин да кубаттаган. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” дегендей, ага чейин 19 тонна алтын уурдалганын безилдеп айтып аткан Масалиев комиссияны аз гана убакыт жетектеп, жылкы теппей, жылан чакпай төрагалыкты башкага өткөрүп салды. Муну менен ал алтын маселесине олуттуу мамиле кылбай, жоопкерчилиги жоктугун, жөн гана эл көзүнө популизмдик кылып келгенин көрсөткөн.
Эми элди ошончолук эле келесоо ойлойбу, же ЖК депутатына айтканын танып, жанын жей берсе болот дейби, 19 тонна алтын уурдалды деп айтканын танганга өттү. Исхак мырзанын мындай жосунуна кандай баа берүүгө болот? Мадумаровду жандап, инсан, саясатчы катары деградацияланып баратабы? Же 19 тонна алтын боюнча жалындуу билдирүүлөрү, псевдопатриоттук жүрүштөрү суу кечпей, ушундай бет тырмарлыкка өттүбү? Атасынын чынчыл сапаттарынын бирткеси болсо, минтип калп айтпай, алтындын уурдалгандары боюнча айткандары аныкталбаганын, жаңылганын моюндап койсо, абийирин сактап калмак. Бирок чындыкты моюндай албай, кезектеги калпын айта баштады...