Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2408

Өткөн жылдын май айында Кумтөр алтын кени Кыргызстандын менчигине толугу менен кайтарылган. Андан азыраак убакыт өтүп-өтпөй, өндүрүлгөн жана сатылган алтын тууралуу маалымат берүүнү Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бийликтен талап кыла башташкан. Аны менен катар 19 тонна алтын аты аталбаган өлкөлөргө сатылган деген маалыматты таратышкан. Мындан улам, 27-октябрда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүүгө депутаттык комиссия президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлүп, жетекчилигине Адахан Мадумаровду дайындоо сунушталган. Бирок Мадумаров андан баш тартып, Исхак Масалиев жетекчиликке бекитилген. Комиссиянын иши көпкө башталган эмес, жетекчи дайындалып, курамына кирген тизме түзүлсө дагы, алтын уурдалды деп жар салган эл өкүлдөрү эмнегедир алтын кендин ишмердүүлүгүн текшерүүгө шашылышпады. Анан эле Исхак Масалиев дагы жетекчиликтен баш тартканын жар салды. Себебин түшүндүрбөдү. 

Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде, ушул комиссия тууралуу кеп козгогон. Ал Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев "алтын уурдалды" деп чыгышканы менен депутаттык комиссияны жетектөөдөн кетенчиктеп коюшканын белгилеген. Буга жооп күттүргөн жок. Исхак Масалиев ага жооп кайтарып: "Эч качан, эч жерде мен да, Адахан да алтын уурдоо тууралуу айткан эмеспиз. Экологияга келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылуу керектигин, кендин мамлекетке өткөнү жакшы экенин дайыма эскертип келем. Айта кетсек, 2021-жылдын биринчи жарымында дагы 19 тонна алтын сатылган. Бул мурунку өкмөттүн резерви. Бирок бул нормалдуу процесс. Кыязы, ал келишим тууралуу бирөө айтты окшойт, аны «жаңылыш» бизге жабыштырдың", - деди. 

Бирок Масалиев жана Мадумаровдун Кумтөрдөн уурдалган алтын боюнча айткандары коомчулуктун эсинде. Эгерде эсинде болбосо, архивден таап алуу оңой эле. Алар бир нече жолу Жогорку Кеңештин трибунасында жана башка аянттарда Кумтөрдөн алтын уурдалганын жана аны текшерүү зарылдыгын, кыргыз элинин байлыгы башка бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына пайдаланылып жатканын жарыялашкан. Депутаттык комиссия түзүү демилгеси да ушуларга таандык болгон. 

Мисалы, Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдон Кумтөр келишими боюнча толук маалымат берүүсүн бир нече жолу талап кылган. "Биз Кумтөрдө эмне болуп жатат, кандай пайда, кандай зыян алдык, билишибиз керек. Кеп Тенгиз Бөлтүрүктө эмес. Ал болгону аткаруучу. "Чагылган таяк" десек болот", - деген. Келишим түзүүгө катышкандардын баары парламент жыйынына чакыруу зарылдыгын белгилеген.  Анысы менен депутаттык комиссия түзүп, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн, өндүрүлгөн алтындын андан аркы "тагдырын" иликтөөнү сунуштаган. 

Ал эми Адахан Мадумаров: "Кыргызстандын байлыгын азыр кайсы бир адамдар ээлеп алышкан. Отчет талап кылгандан пайда жок. Буга жада калса парламенттик комиссиянын дагы тиши өтпөйт. Мамлекеттик комиссия түзүү керек. Анын абалын иштеп чыгып, макамын бекитүү керек. Бул улуттук байлык, ошондуктан комиссиянын улуттук макамы болууга тийиш. Азыр парламенттин ыйгарым укугу анчалык күчтүү эмес. Эгер мен демилге көтөрсөм, колдоо таба албайм", - деп депутаттык комиссияны жетектөөдөн баш тарткандан соң билдирген. Бул билдирүүсүн  Мадумаровдун депутаттык комиссияны жетектөөдөн баш тартканына актануу катары кабыл алууга болот. 

Эми болсо алар Кумтөрдүн алтыны тууралуу эгерим ооз ачпагандай түр көрсөтүшүүдө...