Кыргызстандык жарандар Кытай жана Түштүк Кореяга виза алуу үчүн кайрылганда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козубаев билдирди. 

Айтымында, Кытайга жүк ташыган айдоочулар дагы кыйналышууда. 

"Электрондук кезек киргизилген, миңдеген адамдар кезекте турушат. ТИМ, Элчиликтин кызматкерлери - биздин жарандар же сырттан келгендер тоскоолдук жаратып жатышат. Адамдар жарым жылдап кезекте турушат, 1,5 миң доллар төлөгөндөр үч күндө, миң доллар бергендер бир жума-10 күндө алышат экен. Виза алуу дагы коррупцияланыптыр", - деди депутат. 

Депутат Балбак Түлөбаев кесиптешинин билдирүүсүн колдоп, кезектеги орундар сатылып жатканын билдирди. 

"Түштүк Кореянын элчилигинде жарандар электрондук кезекке турушат. Эки жигит 120-130-номерлерде турушкан экен, андан кийин эле бул номерлерди 300 долларга башкаларга сатып жиберишиптир. Мындай болбошу керек. Милиция кызматкерлери да алар менен бирге деп жатышат", - деди Түлөбаев.