Мамлекеттик бажы кызматы Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлганын билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, бажы кызматкерлери  Баткен шаарында М.Ж.М. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, унаадан Өзбекстанда өндүргөн 70 кап карбамид (минералдык жер семирткич) табылган. Товардын жалпы салмагы 3,5 тонна, орточо базар баасы 168 миң сомду түзгөн. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Ошондой эле Баткен районунун Интернационал айылында М.Ж.Д аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан 80 кап, жалпы салмагы 4 тонна карбамид (минералдык жер семирткич) табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 192 миң сомду түздү.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар КжБЭБКБнын бажылык текшерүү секторунда каралууда.