Жалал-Абад шаарында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун техника, моделдештирүү ийриминин окуучусу Байырбек Заиров көрүүсү, угуусу начар жана көзү азиз жарандар үчүн электр таягын ойлоп тапты. Бул тууралуу аталган шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуучу “Келечек жаратманы республикалык сынагы жана Алтын-Түйүн” улуттук академиясы тарабынан уюштурулган “Креативдүү технологиялар кербени” эл аралык фестивалында 1-орунду ээлеген.
Ошондой эле, "Ариет" борборунун окуучулары Орозбек Парпиев, Аделина Эрнистова Казакстан улуттук ЮНЕСКО клубдар федерациясы тарабынан уюштурулган “Жибек жолу-маданий мурас” аттуу эл аралык сүрөт сынагында 2-орунга татышты.
Жалал-Абад мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова аталган борбордун эл аралык сынакта ийгилик жараткан окуучулары менен жолукту. Ал окуучуларды ийгиликтери менен куттуктап, борбордун жетекчисине жана окуучуларга мэрдин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.