Печать
Категория: Коом
Просмотров: 841
 

Кечээ Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угуу болду. Бул коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар депутаттардын мамлекеттик тилге болгон мамилесин сынга алышты. Анын үстүнө бул талкууга аталган комитеттин тогуз мүчөсүнүн экөөсү гана катышканы талкууга жем таштады. 

Кыргызстанда нечен жылдан бери кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү, өлкө ичиндеги алака-катыштагы башкы тилге айлантуу башкы маселе болуп келет. 

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу жолу катары мультфильмдерди кыргызчалатуу деп эсептейт. 

"Кыргыз тилди балдар чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн эң эффективдүү жолу- чет элдик таанымал мультфильмдердин баарын кыргызчага которуп, үн коштоп чыгаруу керек.

Башка натыйжалуу жолду көрбөй турам! Кошуналарыбыз өзбек, казак тилдерине эбак эле катуу киришип, жүздөгөн мультфильмдерди которуп коюшкан! 3-4 жашынан жалаң орус тилинде Ютубду "эзип" жүргөн кичинекейлер албетте кыргыз мектепке баргысы келбейт! Ушинтип анан уланып кетет...

Биз болсо дагы деле адыраңдап, "Манасты" мультфильм кылып тартабыз деп кыялданып келебиз..." - деди Акматалиев.