Алдамчылыкка айыпталган келиндин маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов бул ишти акыйкаттуулук менен кароо керектигин белгиледи. 

"Кош бойлуу келин алдамчылык боюнча камакка алынып, абакта көз жарыптыр. Мында ырайымдуулук көрсөтүшүбүз керек, жаңылбаган адам болбойт", - деген депутат анын карыздарын төлөшүүнү сунуштады. 

Эске салсак, алты балалуу жана жетинчи баласына кош бойлуу Аида Исакова СИЗО-1ге камалганы белгилүү болгон. Ал көз боемочулукка айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган. Маалыматтарга караганда, ал бизнесин кеңейтүү үчүн жарандан 185 миң доллар карызга алып, бирок кайтарып берген эмес.