Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган кызматка пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында билдирүү келип түшкөн. 28-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери Б.А.С. 10 миң сом пара алып жатканда кармалган. 

Белгилей кетсек, Б.А.С. буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Б.А.С. узак убакыт бою А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн, узак убакыттан бери коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн. 

Б.А.С. кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду.
Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.