Коомдук ишмер, юрист Ахунбай Кошоев "Назарньюс" маалымат агенттигине берген маегинде ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Бишкектеги Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарованын мыйзамсыз аракеттерине баам салды. 

"Укук бузуулардын алдын алуу үчүн элдин укук жаатындагы аң сезимин көтөрүү керек. Эл кайсы жерден укугу бузулуп жатканын, кайсы жерден бузулбаганын так билгенде гана бул тууралуу тийиштүү кызматтарга маалымат жеткире алышат", - деди Кошоев. 

Ошондой эле, укук органдарынын туу чокусунда турган эки адамдын - Асанов менен Архарованын жарандардын укугун тепсеген жагдайларын белгиледи. 

"ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов түрк ишкерлерин чогуу алтын өндүрүүчү ишкана ачабыз деген шылтоо менен инвестиция салууга чакырып, бир нече миллиондогон долларын алган. Аларды убагында өзүнүн туулган айылына алып барып коноктогону, чогуу жүрүшкөнү сүрөттөрдө турат. Жалгыз калганда шыбырап коет: "Мага УКМК да, каралар да тийише албайт, мен баары менен жакшы мамиледемин, коркпой инвестиция сала бергиле", - деп. Анын үстүнө президент Садыр Жапаров Түркияга барганда түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып жатып "Мен өзүм кепилдик болуп берем", - дегени бар экен. Түрк ишкерлери бизди колдошот деп ишенип, акча салышып, Асановго алданып отуруп калышкан. Асанов алардын акчасын эки жылдан бери бербей качып жүрөт. ИИМ иш козгогон, бирок ал жакта баары өзүнүн тааныштары экен, иш бир ордунан жылбай турат. "Мен Ниязбеков, Ташиев менен жакшы мамиледемин, мага эч нерсе кыла албайсыңар", - деп коркутат экен. Мына, укук коргоо органынын жогору жагында отуруп кеткен адамдын кылыгы...

Дагы бир мисалы, Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарованын кылыгы. Анын күйөөсү алдамчылардын башында туруп, алдайт, ал эми Архаровага өздөрүнүн пайдасына чечим чыгарып берет. Белгилүү жазуучубуз Качкынбай Осмоналиевдин көзү өткөндөн кийин калган чакан үйлүү жери бар экен, кызына өткөн. Жазуучунун кызын Архарованын күйөөсү алдап, "кийин биз сатып алабыз, башкага сатсаңар 100 миң доллар төлөп берем деп тил кат жазып бергиле", - деп тил кат жаздырып алып, эми түз жерден карыз кылып үйүн тартып алганы жатат. Сот жазуучунун кызын үйдү бошотуп берүү тууралуу чечим чыгарыптыр. Соттор ушундай кылып жаткандан кийин кайдагы укук тууралуу сүйлөөгө болот? Биринчи ошолор өздөрү акыйкаттык тарабында болушу керек, ошондо гана укуктук мамлекет кура алабыз. 

Жарандардын укугу сакталсын десек, УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура өздөрү күзгүдөй таза болушу шарт", - деди Ахунбай Кошоев.