Кыргызстанда бир жумада, 20-февралдан 27-февралга  карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 40 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 20 бейтап ооруканада дарыланууда.

2023-жылдын 20-27-февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 57 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 21 925 учуру катталды, анын ичинен 19 914 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.