Кыргызстанда 600 миң бала бала бакчага барбайт. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди.
Ал университетке 5000 бергенден көрө бала бакчага 500 сом берүү пайдалуу экенин белгиледи. Анткени, баланын аң сезими эрте ойгонот, а жакшы окуган бала университетти өзү тандап алат.
Ошондой эле, Иманалиевдин айтымында, орто билим берүү дүйнөлүк стандартка 60 пайыз туура келбейт, бала окуганды, жазганды, эсептегенди билет, бирок аны турмушка колдоно билбейт. Ал эми кесиптик окуу жайларына 2 миллиард сом бөлүнөт, бирок окуучулардын 15 пайызы гана анда билим алат.
"Кыргызстанда 73 ЖОЖ бар, 2030-жылы дүйнөнү он кесип аныктайт, бирок биздин жогорку окуу жайларынын бири дагы бул он кесипке даярдабайт. Мына, биздин билим берүүнүн деңгээли..." - деди Каныбек Иманалиев.