27-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Жанарбек Акаев жана Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп, турак жай көйгөйлөрүн тарткан адамдардын укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле кызыкчылыктарын эске алуу максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, аталган мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: кызматтык турак жайды менчиктештирүү мөөнөтүн кыскартуу (20-жылдан 10-жылга кыскартылат); мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык турак жайды менчиктештирүүсүнө тыюу салуу.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева мыйзам долбооруна жалгыз бой энелер боюнча жобону киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Андан тышкары, жыйында “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.