Оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин  358-беренесинин 1-бөлүгү ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча иш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын негизинде КР УКМК тарабынан  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүп, жыйынтыгында, чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды. 

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.