Буга чейин эмгек ардагери Турсунай Каримованын Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарованын үстүнөн президент С.Жапаровго, УКМК төрагасы К.Ташиевге, башкы прокурор К.Зулушевге жолдогон арызын жарыялаган элек. Эми президент С.Жапаровго көптөгөн ызы-чуулуу иштер менен белгилүү сот Кымбат Архарова боюнча Кыргыз эл жазуучусу, маркум Качкынбай Осмоналиевдин кызы Шааргүл Качкынбаевна Осмоналиева кайрылды:
"Биз жолдошум жана балдарым менен Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы үйдө жашайбыз. Үй чакан болгону менен короосу кенен. Ошондуктан абасы таза аймакка келишкен особняк салуу үчүн сот Архарова көз тиксе керек. Архарованын күйөөсү Султан Тыналиев Рыскүл Абдрахманова жана нотариус менен бирдикте уюшуп, мени коркутушуп, башымды айлантышып, мен албаган жана көрбөгөн 100 миң долларга тил кат жаздырышып, тамды Тыналиевге негизсиз каттатып салышыптыр. Бул мыйзамсыздык жана адилетсиздик тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазсам, аны кайдан-жайдан Тыналиевдин жубайы Архарова райондук соттун төрайымы болуп иштеген Ленин районуна жиберишиптир. Биздин там Аламүдүн районунда жайгашса, Архарова иштеген Ленин районуна менин арызым кандайча барып калат?! Ленин райондук сотунун аткаруучусу А.О.Өмүрбеков айыл өкмөтүнүн, милициянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана тез жардамдын дарыгерлери менен 18-январда, кыштын кычыраган чилдесинде жоо чапчудай жайнашып, жүк машина айдатып келишип, бизди үйүбүздөн кууп чыгарууга аракет кылышты.
Архарованы мен көптөн бери билем. Кымбат Кадыровна бир катар мыйзамсыз өкүмдөр менен айыпталып келаткан ызы-чуулуу сот. Ал 2015-жылы мени 350 -берене менен “жасалма документ жасаган” деп негизсиз соттогон болчу. Ал өзүнчө маселе. Азыр биздин үйдү мыйзамдуу териштирүүлөр бүтүп, чындык аныкталгыча арестке коюп, “баскынчылардын” басып кирүүсүнөн коргооңуздарды, деги эле мыйзамдуулукту, адилеттикти сактап берүүңүздөрдү суранам", - дейт арыз ээси.
Кымбат Архарованын "эстен кеткис" өкүмдөрү
2012-жылы Казакстандан радио активдүү көмүрлөрдү ташып келишкен ошол учурдагы өнөр жай жана энергетика министри Аскарбек Шадиев баш болушкан мекеме кызматкерлери өлкөгө бир нече миллиондук чыгашаларды келтиргендиктери үчүн айыпталышса, сот Архарова аларды сүттөн ак кылып чыгарып, бир чуу болгон.
Архарованын төрайымдыгы менен ири шылуундукка айыпталышкан “Мегакомдун” жетекчилери Азамат Мурзалиев менен Алмазбек Абековдун иши кайра тергөөгө жиберилип, бирок Жогорку сот тарабынан алардын бири 12, экинчиси 25 жылга кесилишкен. Мында мамлекетке чоң көлөмдөгү зыян келтиришкен аткаминерлерди адатынча актап жиберген сот айыптоочулар менен коомчулукту жана бир дүрбөткөн.
2015-жылы Архарова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаеваны коррупция беренеси менен айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратат. Бирок 2016-жылы Жогорку сот Аманбаевага чыккан бул өкүмдү жокко чыгарып, айыппул менен эркиндикке чыгарат. Бирок туура эмес, катаал чечим чыгарган сот дагы жазасыз калганын укук коргоочулар чуулдап көтөрүп чыгышкан.
Чуулуу Архарова президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарынбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун ишин кароодо да ызы-чуу чыгат. Айыпталуучулар адилетсиздиги менен атагы чыккан Архаровага ишеним көрсөтүшпөй, коллегия курамында ишти башка обьективдүү соттор кароосун талап кылышат. Бирок алардын талабы аткарылбай Нарынбаев үч, Коркмазов бир жарым жылга соттолушат.
2017-жылы Архарова президент Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн “Заноза” басылмасын жана юрист, коомдук ишмер Чолпон Жакуповага 12 миллион сом айып салып, коомчулукта дагы нааразычылыкка кабылган.
Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь, Ленин райондук сотторунда сот, соттун төрайымы болуп иштеп келген Кымбат Архарованын чыгарган өкүмдөрүнө коомчулукта ушуга окшогон көп нааразылыктар айтылып, жазылып келатат.