Бишкектин 5-кичирайонунда болгон окуяда маркумдардын кошуналары ызы-чууну угушкан, бирок маани беришкен эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин жетекчиси Азамат Ногойбаев билдирди. 

Айтымында, маркумдардын кошуналары эмеректердин жылдырылганынан, буюмдардын жерге түшкөнүнөн пайда болгон үндөрдү угушкан. Кыз терезеден секиргенде автоунаага тийген, анын сигнализациясы иштеген. Бирок мунун баарына көңүл бурушкан эмес. 

"Ызы-чууга кошуналар анчалык маани беришкен эмес, домкомго дагы кечирээк билдиришкен. Домком жумуштан келип, видеокамераны карап көргөндөн соң милицияга кабар берген. Милиция жана ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге барып, батирдин эшигин ачып киришип, үч адамдын сөөгүн табышкан", - деди Ногойбаев. 

Ошондой эле, ал айыптууну кармашканда ал каршылык көрсөтпөгөнүн белгиледи. 

"Кылмышты ачууга видеокамера жардам берди. Шектүү камераны сындырууга аракеттенген. Таңкы саат 5те аны кармашканда, каршылык көрсөтпөй, үн-сөзү жок конвойлордун коштоосунда Октябрь райондук тергөө кызматына келген.

Ал киши Баткен округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон, активдүү спорт жашоосунда жашаган. Спорттук иш чараларды өткөргөн. 

Кылмыш болгон жерди иликтөө учурунда стол үстүнөн спирттик ичимдиктер табылган. Шектүү жана маркум алкоголь ичишкен, аны экспертиза тастыктады. Алардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралып, ал трагедияга алып келген", - деди. 

Ошондой эле, Бишкектин тургундарын мындай окуяларга баамдуу болууга, кошуналардагы ызы-чууга маани берип, өз убагында милицияга кайрылууга чакырды.