УКМК тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу - иш-чаралар улантылып жатат. Ага байланыштуу абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барылууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, Баткен облусунун 1967-жылы туулган К.А.Г. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартканын билдирди.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды. 

Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.