Казакстандын сейсмологдору Кыргызстандын аймагындагы жер титирөөнү катташты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 

Анда айтылгандай, Казакстандагы "СОМЭ" сейсмикалык станция тармагы саат 03:42де Кыргызстандын аймагында 5,9 баллга жеткен, 15 км тереңдиктеги жер титирөөнү каттаган. Андан тышкары 05:58де дагы бир жолу жер титирөө орун алган. Бул сапар очогу Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта 5,6 баллда болгон.