Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алганда мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиев тууралуу да сөз болду. 

"Ал жакшы министр болчу - көрөгөч, прогрессивдүү, замандын талабына жооп берген, менеджер. Реформа жасады. Биз ага ишенип, министр кылдык, бирок жыйынтыгында, тилекке каршы, пара менен кармалып кызматын тапшырды. Катачылык кетирди. Сиз пара албайсыз, таза иштейсиз деп ишенем", - деди мамлекет башчы. 

Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын сентярь айында пара менен кармалган. Алгач камакка алынып, андан кийин келтирилген зыяндын ордун толуктоо менен үй камагына чыккан.