Кыргызстан жакынкы келечекте паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштай турганын президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алганда билдирди.
"Учкун" басмаканасы бардык заманбап жабдыктар менен жабдылды. Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз жеке компаниялардан чыкпашы керек. Бир гана "Учкундан" басылып чыгат. Биз өзүбүз 100 пайыз жетишебиз. Кудай буюрса, келечекте акчаны, паспортторду да өзүбүз басып чыгаргандай болобуз. Ал эми май айынан баштап паспортторду өзүбүз чыгарганга жетишебиз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес. Эми мамлекеттин каражатына "Учкундан" гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түрүндө түшүп турат", - деди мамлекет башчы.