Мамлекет башчы Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге мектепти оңдоп-түзөө иштерине жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, жогоруда аталган нерселерге республикалык бюджеттен акча бөлүнөт.