Адам уурдоо фактысы боюнча К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-февралда Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин, аталган А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 АКШ доллар талап кылышкан.
Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
"УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана ошондой эле жаштардын спорттук бөлүгүн кылмыштуу элементтерге тартылып кетүүсүн алдын алуу иштерин улантууда.
Ошондой эле, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.