Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго Азербайжандын мамлекеттик сыйлыгы – Азербайжан Жогорку сотунун 100 жылдыгы медалы тапшырылды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, медалды Азербайжан Жогорку сотунун төрагасы Рамиз Рзаев тапшырды.
Рамиз Рзаев Замирбек Базарбековго медалды ыйгарып жатып, эки өлкөнүн сот системасынын байланыштарын бекемдөөгө кошуп жаткан салымын белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга кызыкдар экендигин айтты.
Белгилей кетүүчү жагдай, Замирбек Базарбековго жогоруда аталган медаль Азербайжандын Жогорку сотунун 100 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференциянын алкагында тапшырылган.