Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери жер участокторунда алдамчылык иши менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 21-февралда КР УКМКнын Жалал-Абад областык башкы башкармалыгы тарабынан Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кармалган.
Анын К.О.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылып, Сузак айыл өкмөтүнүн жер тилкесин берүү боюнча жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергени такталган.
Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.
Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.
Азыркы учурда кармалгандар А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
"Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.