Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Эрлан Эрмеков каза болгону белгилүү болду.

Бул тууралуу маркумдун апасы Гүлнара Закирова билдирип, баласы убагында бейкүнөө соттолуп кеткенин айткан. Апасы суук кабарды 20-февралда уккан.

"Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, башка балдарды сактап калгыла”, - деди апасы.

Маалымат каражаттары февраль айынын башында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит, 30 жаштагы Эрлан Эрмеков "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылганын жазган. Анын Украинадагы согушка кеткенине төрт айга чукулдаган.

30 жаштагы Эрлан Эрмеков "тоноо", "зордуктоого" айыпталып 2019-жылы соттолгон. Эрлан соңку бир айда Украинадагы согушта набыт болгон төртүнчү кыргызстандык. Төрттөө тең Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, орус жарандыгын алышкан эмес. Ушундан улам бир катар ата-энелер орус түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин эртелетип чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранып жатышат.