Мамлекет мекен учун жан берген уулдарын эч убакта унутпайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 23-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өткөн “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Ал Баткен окуясында каза тапкан жоокерлердин жакындарын дагы Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.
"Мекен үчүн жан берген эр азаматтардын жакындарын, туугандарын дагы Мекен коргоочулар күнү менен куттуктайм. "Мен Кыргызстандын бүтүндүгүн коргогон эр жүрөк жоокерди төрөгөн энемин", "Мен жоо журөк уулду тарбиялаган атамын", "Мен амандыгын тилеген сүйгөн жарымын", "Мен ата жолун улантам деген намыстуу уулумун" деп ар дайым башыңарды бийик көтөрүп жүрүңүздөр. Сиздер буга толук татыктуусуздар. Мамлекет мекен үчүн жанын берген уулдарын эч убакта унутпайт", - деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.