Бүгүн, 23-февралда Министрлер Кабинетинин орун басары - Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Иш сапарынын жүрүшүндө, Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматтын карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, ал өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Иш-чаранын акырында, УКМКнын төрагасы дагы бир жолу УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.
