Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 16-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жарандарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган борбор аныкталган.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" 8 жана 10- беренесин бузуу менен негизделгени белгилүү болгон. 

Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, Кыргыз Республикасынын 142 кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.