Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

Өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери деп тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 16-февралда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган.

Ал М.Ш аттуу жарандан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. 

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.