Печать
Категория: Коом
Просмотров: 65

2023-жылдын 19-февраль күнү той учурунда (ЗАГС) жүрүп бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн (люк) белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган. 

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факты аталган аймактын ШИИБинин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-ж.т. М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн өзүнө таандык “Сайга МК-01” ок атуучу куралынан 10 даана асманга ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.