КР УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы 5 жаранды экстремисттик идеологиядан баш тарттырууга жетишти.
УКМК тараткан маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1972-жылы туулган Ю.А.К., 1974-жылы туулган Ч.Х.Т., 1975-жылы туулган М.Р.И., 1976-жылы туулган К.М.М., жана 1994-жылы туулган П.С.А. экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Алар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.
"Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы шериктерди тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.