Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139
 

- Түркиядагы зилзаладан кийин Кыргызстандагы үй курган компанияларга жоопкерчиликти күчөтүү зарылбы?

- Сөзсүз күчөтүү керек. Түркияда болгон окуя бүт дүйнө жүзүнө сабак болууга тийиш. Анын ичинде Кыргызстанга да бул өзгөчө белги. Анткени, буга чейин өлкөдө курулуш тармагында коррупция өтө гүлдөп келген. Аны баарыбыз билебиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров деле ачык айтты. Себеби, Бишкек архитектура, Бишкек мэриясы тарабынан мыйзамсыз курулуштарга буга чейин уруксат берилип келген. Мисалы, курулуш компаниялар ижарага жер алып, ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү салып сатып ийген мисалдар көп. Анысы аз келгенсип, эптеп пайда издеген компаниялар курулуш компаниялары тарабынан курулуш стандарттары сакталбаган учурлар бар. Мунун баары келечекте албетте, көйгөй жаратат. Бүгүн маани бербегенибиз менен кийин Түркиядагыдай табият кырсыктары бизде катталса, канча адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, президентибиз Садыр Жапаров өз убагында  Кыргызстандын ичиндеги курулуштарга катуу көзөмөл жүргүзүү боюнча катуу тапшырма бериптир. Муну баарыбыз жапырт колдошубуз керек.