Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча билдирүү таратты. 

"Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары өткөн эки кылмыш иши бар.

Биринчи кылмыш иши - бул 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, а экинчиси - 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча.

2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаевдин КР Кылмыш жаза кодексинде белгиленген бир жылдык камак мөөнөтү аяктады. Учурда бул кылмыш иши жабырлануучуларды ана күбөлөрдү суроо стадиясында турат, бул иш боюнча сот өкүм чыгара элек. Фигуранттар толугу менен акталды деген пикир эрте экенин белгилейбиз.

Жогорудагы кылмыш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевге карата эч кандай бөгөт коюу чарасы тандалган жок. Анткени, ал Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу фактысы боюнча жаңы соттук териштирүүгө коюлган кылмыш иши боюнча соттун өкүмүндөгү жазасын өтөп жатканы анык".