Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы менен депутат Адахан Мадумаровдун ортосунда пикир келишпөөчүлүк болуп кетти. Бул Министрлер Кабинетинин пенсия жана пособиелердин көлөмүн өзгөртүүгө багытталган (Конституциянын 44-беренесин өзгөртүү үчүн Конституциялык сотко кайрылган) демилгесинен улам жаралды.
"Тиригирээк болсоңуз..." - деди Мадумаров.
А Акылбек Жапаров "Мага үйрөтпөңүз, мен сизден улуумун", - деп жооп кайтарды.