Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен депутат Адахан Мадумаров айтыша кетишти. 

Мадумаров Европалык банктан келген грант тууралуу сурады. 

"Эмнеге банк канча деген каражатты өзүнө жөн гана калтырып коет? Эгер ал Кыргызстанда болсо да түшүнмөкпүз. Алар "откат" түшүнүгүн жасап алышты. Татиков муну абдан жакшы билет. Эмнеге бул каражаттарды кайтара албайбыз?" - деди депутат. 

Руслан Татиков "откат" деп депутат туура эмес белгилегенин билдирди. Ал Мадумаровго үч жолу депутат болгонун, спикерликке да жетишкенин эске салды. 

"Кредиттерди ошол убакта сиздер алгансыздар. Сиз өзүңүз бардык шарттарды эң сонун билесиз", - деди ал. 

Буга Мадумаров жооп берип жатып, 3 эмес, 5 жолу депутат болгону, кандай шартта добуш беришкени эсинде экенин айтты. 

"Мен сизден комитетте эле эмне үчүн деп сурагам. Бул жалпы карызга киреби же кайтарганда бул сумманы эсепке кошпойбузбу?" - деди. 

Татиков кайрадан эле Мадумаров келишимдеги бардык шарттарды билиши керектигин эске салды. Ал спикер болгондуктан билбей коюшу мүмкүн эместигин кыйытты. 

"Мен сенден Фома тууралуу сурасам, сен мага Ерема тууралуу айтасың да. Мен сенден сурап жатпаймынбы", - деп Мадумаров ачууланды. 

"Мен улууларды сыйлайм. Бирок сиз дайыма кемсинтип турасыз. Бул жакшы эмес", - деди министрдин орун басары. 

А Мадумаров Татиковду күчөп урушту. 

"Мен сизге гаишник эмесмин, мага кыйкырбаңыз. Түшүндүңүзбү? Бул жакка келгенде мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаңыз. Эгер так маалымат билбесеңиз, ар кайсыны айта берүүнүн кереги жок", - деди.