Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов спикерге жана президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды. 

"Алдамчылыкка арызданган көп каттар келип жатат. Тиешелүү укук коргоо кызматтары маалымат берип койсунчу: Ялкун Абдуллаев деген ким? Бул киши Кыргызстандын төрт районунан төрт паспорт алыптыр. Бир паспортунда туулган жылы 1964-жыл деп көрсөтүлсө, бирөөсүндө 1959-жыл экен. Андан башка дагы 2-3 өлкөдөн мыйзамсыз алган паспорттору менен жашап жүрүптүр. 2007-жылдан бери Кыргызстанда экен, сансыз кылмыштарды жасаптыр, бирок дагы эле өлкөдө жүрөт", - деди Атазов.