Түркияда Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үстүндө иш алып барууда. Алар беш жаранды тирүү таап, дагы көптөгөн сөөктөрдү жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүп беришкен.
Темирлан аттуу куткаруучу Түркиядагы 8 күнүн мындайча айтып берди:
"8 күндүк өмүрүмдө абдан сүйүнгөнүм – 21 жаштагы кош бойлуу түрк келинин тирүү куткаруу. Өмүрүмдө канча сүйүнсөм да бул күнгө эч тең келбеди. Ошол күнү кыргыз куткаруучулары иштеген тилкеде жардам сурагандай үн чыкты. Үндү уккан куткаруучулар аны аман чыгарууга жандалбастадык. Бир саат аралыгында бетонду ачканыбызда диванда жаткан абалда таптык, анын кыймыл-аракети чектелүү экен. Алгач ага суу берип, уранды алдынан кош өмүрдү чыгарып алдык. Бул менин эсимен эч кетпей турган окуя..."