Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары каралган коллегияда калктын санынын активдүү өсүү фонунда Кыргызстанда жыл сайын жаңы 150 миң жумуш орду түзүлүшү керектигин айтты.
Ал 2030-жылга республиканын калкынын саны 9 миллион адамга жетиши мүмкүндүгүн белгиледи.
"Ошондуктан биз жыл сайын жаңы 150 миң жумушчу ордун түзүп, бул максатка жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшашыбыз керек", - деди.