Эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн ЭТУнын шериктеши кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 15-февралда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги - Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну Р.К.А.ны колго түшүргөн. 

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен буга чейин кылмыш иши козголгон. Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталган. Курал сатып алгандар Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштурууга аракеттенишкен, тилекке жараша ал ишке ашкан эмес. КР УКМК тарабынан алдын ала жок кылынган. 

Ал учурда  КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.