15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга – 20-апрелге чейин узартты.

Адвокат Эркин Булекбаев Бекназаровго каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирип, бирок кандай айыптар тагылып жатканын билбей турганын айтты.

Ошондой эде, Акыл Айтбаев менен Бектур Асановдун дагы камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды. Аталган сот тарабынан буга чейин Али Шабдан менен саясатчы Равшан Жээнбековдун камак мөөнөтү эки айга узартылган. Жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга үй камагына чыккан.