Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Мурдагы президент Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени айтылууда. Маалымат каражаттары анын Испанияга ден соолугун чыңдоо үчүн жол тартканын жазышты. Маалыматты мурдагы президенттин жакындары беришкен.

Анда айтылгандай, Атамбаев уулу Кадырбек менен чогуу кеткен. Алар алгач бүгүн саат 6.34тө Бишкек-Дубай багыты менен учушкан. Андан ары Испанияга кетишет. 

Эске салсак, Атамбаев кечээ түрмөдөн чыккан. Ага карата козголгон кылмыщ иши кайра кароого жиберилип, сот анын өлкөдөн чыгуусуна уруксат берген.