Печать
Категория: Коом
Просмотров: 3541

(Сүрөттө К.Асанов үй-бүлөсү жана түрк ишкерлери менен)

Коомчулукка белгилүү болгондой, буга чейин бир катар түрк ишкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, генерал К.Асановдун жубайы Кульнара Усенканова аларды алдап, 15 миллион доллар каражатты өзүнө ыйгарып алганын билдиришкен. Учурда бул иш КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматында иликтенип жатат. Редакциябыз тарабынан бул маселеге байланыштуу өз алдынча журналисттик иликтөө жүргүзүлүп, анын алкагында атайын Стамбул шаарына барып, дээрлик 1,5 миллион долларын алдатканын айткан ишкер Хакан Темелден маек алып, окурманга тааныштырган элек.

Дароо айтарыбыз, К.Усенканованын өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат, байланышканыбызда: “азырынча унчукпай туралы, убактысы, сааты келгенде баарын ачыктайбыз. Бир гана айта кетүүчү нерсе – мен эч кандай алардан акча алган эмесмин”,- деген жоопту уктук.

Буга дейре Кульнара айымдын адвокаты билдирүү менен чыгып, ага карата коюлуп жаткан айыптоолордун баары жалган жалаа экендигин билдирген. Азыр да, редакция К.Усенканованын өзүнүн же адвокатынын билдирүүсүнө орун берүүгө даяр экендигин билдиребиз. Сиздер үчүн эшик ачык.

Азыр болсо, Кульнара айымдан жабыркаган дагы бир түрк ишкери, кесиби боюнча журналист Исмаил Түрккө кеп кезегин берели, мархамат....

- Исмаил мырза, буга чейин Кыргызстандын Президентине кайрылган экенсиз. Сиз Кыргызстанга жакшы ниет менен инвестиция кылабыз деп барып, Курсан Асанов деген жарандын сөзүнө кирип, акчаларды алдатып отуруп калганыңыз жөнүндө сөз болгон. Кайрылууга эмне себеп болгон, андан кандайдыр бир майнап чыктыбы, ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

- Ооба, Кыргызстандын мурунку президенти А.Атамбаев Түркияга келгенде аны менен болгон жолугушууга журналист катары катышып калдым. Анда “Кыргызстан инвестицияга муктаж, келгиле, жасаган инвестициялардын гарантиясы - Кыргызстан мамлекети”- деп айткан сөзүнө мен таасирленип Кыргызстанга бардым. Алгач эле Курсан Асанов менен тааныштым. Анда ал Ички иштер министринин орун басары эле. Ал бизге туура иш кылганыбызды айтып, “Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көпүрө болуш керек, Түркиядан экономикалык инвестиция келсе кыргыз элине пайда келтирмекчи”- деген пикирин айтты. “Ошол эле учурда силер да пайда көрөсүңөр”,- деди. Өзү министрликте иштегени үчүн фирмада анын аты жазылбай турганын, “Аялым менен иштей бересиңер, мен силерди ар тараптуу коргоп калкалайм, силерге эч ким тийише албайт”,- деди. Ошентип Кыргызстанда 3 фирма негиздеп, өнөктөш болдук, фирманы каттоодон өткөрдүк. Бир аз убакыт өткөн соң биз берген акча жасала турган ишке жетпей калганын, дагы акча керек экенин айтышты. Өзүмдө акча болбогондуктан башка досторума кайрылып, бизге берген кепилдикти аларга да айтып, “биерде акчаңар эч качан күйүп кетпейт, биз да акча салдык “,-деп кайрылууда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны таап, К.Асановдун аялына бердик. Андан кийин алданып калганыбызды сезе баштадык. Бизге жалган айта баштады. Бизден өзү да алыстай баштады. Биз арыздана турганыбызды айтканыбызда, аялынын ооруп калганын, башка проблемалар чыга баштаганын айтып кепилдик берди. Ошентип ал ортодо корона пандемиясы да чыкты. Аябай созулуп кетти. Андан кийин аялы Түркияга келди. Атамбаевдин сумкасын алып келгенин, ичинде 100 миллион доллардан ашык акча бар экенин, “силердин акчаңар кичинекей эле сумма, кам санабагыла”,- деп көпкө чейин бизди ишендирип, создуктуруп жиберди. Биз анан Кыргызстанга барып, расмий мекемелерге “бизди алдап кетти” деп арыздандык. Кыргызстан коомчулугунан, Президент Садыр Жапаровдон, К.Ташиевден жардам күтөбүз. Маселенин адилет чечилишин суранабыз. Акчабызды кайтарып алган учурда да Кыргызстандан артка кайтпайбыз, инвесторлорду чакырып, бир туугандык, боордоштук мамилелерибизди улантуу үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасайбыз. Журналист катары бул тууралуу гезиттерге айтып, телекөрсөтүү аркылуу да билдирип келебиз. Кыргызстандын 6 миллиондук калкынын арасында Түркияда да болгондой эле 3-5 алдамчы аферисттин болушу мүмкүн деп ойлойбуз. Мында Кыргызстан мамлекети же калкы күнөөлүү деп эч качан ойлобойбуз. Адилеттүүлүктү күтөбүз.

- Курсан Асанов “бул ишке эч кандай тиешем жок” деп жүргөнүн билебиз. К.Асановдун чындыгында ошол ишке катыштыгы бар экенин далилдей турган нерсе барбы?

- Кыргыз мамлекетинин тарыхый күчтүү мамлекет экенин билем  жана коопсуздук күчтөрүнүн, чалгындоо кызматынын да туура маалыматтарды тез арада табарына ишенемин. К.Асановдун биз менен чогуу чай ичип, чогулуш кылганын оңой эле табышат. Мисалы, анын Ош тараптагы айылында 30 кой союп, үй-бүлөсү, жакын туугандары менен кошо айыл тургундарын чогултуп чай бердик.  Мен ал жерди кайдан таап бармак элем, өзү болбосо. Андан сырткары “мафияга 2000 доллар берип өлтүртөм”,- деп да коркутту. “Мен Кыргызстанда чоң болуп иштейм, менден акчаны ала албайсың, жөн жүр”,- деп мени телефондон коркутту. Ошондон улам Кыргызстанга келе албай жүрөбүз. Казакстанга фабриканын ачылышына жаныбызга кошуп берген коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда бардык. Ачылышка өзү да катышты. Буларды баары билет. Эгерде анын аялы менен Кыргызстанда каттоодон өткөн фирмабыз болбосо, аялы да тааныбайм демекчи. Ошончолук жалган сүйлөйт. Кыргызстан мамлекети, соту, коопсуздук күчтөрү жана чалгындоо кызматы биз айтып жаткандардын калп же туура экенин жакшы билишет. К.Асанов менен таанышкандан кийин анын президенттен да жакшы жашаганын көрдүк. Булардын баары биздин акчабыздын эсебинен болду. Италиядан 10 миң долларга өзүнө костюм алдырып келди. 2000 доллардык туфли кийди. Булардын баарын жанында иштегендер жакшы билет. Айдап жүргөн машиналарын көргүлө. Ошолордун баары бизден алдап алган акчанын эсебинен алынган.

- Сиз жалпы канча каражат алдаттыңыз?

- Расмий кайрылуумда аларды көрсөттүм. 2,5 млн доллардан ашык акчамды алдыртып койдум. Бул акчанын бир бөлүгү, калган бөлүгү досторума таандык. Андан сырткары банктан кредит алдык. “Үйдү саталы”- деп да айтты эже. “Тезирээк үйүңдү арзан болсо да сатып, ишке айланталы”- деди. “Арзан сата бер, кийин үстүнө кошуп беребиз”- деди. Бирок саткан жокмун.

- Акчаны кантип бердиңиздер, колуна бердиңерби же банк аркылуубу?

- Бир бөлүгүн колуна бердик. Бир бөлүгүн аэропортко алпарып бердик, калганын Стамбулдун Лалели районундагы алтын саткан “Манас Голд”фирмасы аркылуу бердик.

Айтор, мунун баарына жараткан Алла Таалам күбө. Бир гана айтарыбыз – президент Садыр Жапаровго үмүтүбүз чоң. Биз алдаткан акчабызды кайтарып алсак, кайра эле Кыргызстанга инвестиция кылып жумшоо ниетибиз бар. Биздин үнүбүздү угуп, маселени акыйкат тергеп, чекит коеруна кыргыз бийлигине ишенип турабыз.