Түркиялык ишкерлер тобу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда, ишкерлер КР ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана анын жубайы Күлнара Үсөнкановнага 15 миллион долларга алданып калышканын билдиришкен. 

"Биз, Түркия Республикасынын ишкерлер тобу, сиздин Стамбул шаарына 11-ноябрда болгон сапарыңызда түр ишкерлери менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүңүзгө абдан таасирлендик. Ошондуктан, сизге Кыргызстанда туш келген маселебиз боюнча кайрылууну туура көрдүк", - дешкен. 

Ошондой эле, алардын жазган арызы  КР ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча Башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, 15 миллион доллар кымырып алган Курсан Асанов жана анын жубайы Күлнара Үсөнкановнанын үстүнөн иш каралып жатканын белгилешкен. 

"Биз сизге кайрылууга аргасыз болдук. Анткени, Курсан Асанов жакында эле өлкөнүн ИИМ министринин орун басары болуп турганда биз салган акча жок болуп кетпешине кепилдик берген, а бүгүн саясий лозунгдарга жамынып жоопкерчиликтен качууда, а анын жубайы оорукчан адамдай түр көрсөтүүдө (инсульт алган имиш). Биз салган акчалардын баары жубайлар сунуштаган долбоордун негизинде алтынды кайра иштетүүчү, курамында алтын бар чийки затты казып алуучу кенди иштетүүчү жана даяр продукцияны сатуучу компанияны түптөөгө коротулмак. Бирок мунун баары калп жана алдамчылык болуп чыкты. 

Биздеги маалыматтарга караганда, аталган жарандар биз салган акчаны чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган (Россиядан, Казакстандан, Түркиядан ж.б.). Буга байланыштуу сизден Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна көлөкө түшүргөн Асановдордун үй-бүлөсүнө карата чара көрүүңүздү өтүнөбүз. А биз өз кезегибизде Түркия Республикасынын жетекчилигине түрк укук коргоо органдары Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп, коррупциялык схеманы ачыкка чыгаруу боюнча эл аралык топ түзүү, ал турмак дарыгерлердин комиссиясын түзүп, биргеликте консилиум жүргүзүүсүн дагы суранууну ниеттенип жатабыз", - деп жазылган кайрылууда. 

Эске салсак, түрк ишкерлери көптөн бери ИИМ министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асанов менен жубайы Күлнара Үсөнканованын үстүнөн арызданып келишет. Буга чейин алданган түрк ишкерлеринин бири Хасан мырзанын маегин жарыялаганбыз. Дагы бир ишкер Исмаил мырза дагы кыргыз генералы кантип акчасын алып, өзүн сызга отургузуп кеткенин айтып берди.